super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кыргыз режиссёру Аманбек Ажыматтын "Акыркы сценарий" тасмасы дүйнөлүк фестивалга жол алды

 
Кыргыз режиссёру Аманбек Ажыматтын "Акыркы сценарий" аттуу дебюттук толук метраждуу тасмасы дүйнөлүк фестивалга жол алды. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, тасма Эстониянын Таллин шаарында 7–23-ноябрда өтө турган "Tallinn Black Nights Film Festival" (PÖFF) эл аралык "А" класстагы кинофестивалынын дебюттук фильмдер программасына тандалды.
"Акыркы сценарий" - чыгармачылык эркиндик менен коммерциялык талаптардын кагылышын чагылдырган, 70 жаштагы режиссёрдун ички күрөшү тууралуу фильм. Тасма TAZAR кинокомпаниясы тарабынан Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин колдоосу менен тартылган.
Маалымат үчүн: Tallinn Black Nights Film Festival – Түндүк Европадагы эң ири жана дүйнөдөгү "А" класстагы фестивалдардын бири.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: