super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Путин менен Алиевдин сүйлөшүүлөрүнөн кийин "Sputnik Азербайжандын" директору абактан бошотулду 

 

Бакуда камакка алынган "Sputnik Азербайжан" агенттигинин аткаруучу директору Игорь Картавых бошотулду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Маалыматка караганда, Путиндин жардамчысы Ушаков бул маселе боюнча Азербайжандын президентинин жардамчысы Хикмет Гажиев менен түз иштешкен, ал эми чечим Владимир Путин менен Илхам Алиевдин Тажикстандагы жолугушуусунун алдында кабыл алынган.

Өз кезегинде, Орусия тарап да өз аймагында кармалган азербайжандык жарандардын бирин бошоткон.

Кечээ, 9-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жана Азербайжан президенти Илхам Алиев Душанбе шаарында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Эки өлкө лидерлеринин жолугушуусу акыркы убактардагы алгачкы толук форматтагы сүйлөшүү болуп саналат. Буга чейин сентябрь айында, Путин менен Алиев Кытайда өткөн ШКУ саммитинде кыскача гана учурашып, маанилүү маселелерди кеңири талкуулоого мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Эске салсак, Азербайжан менен Орусиянын ортосундагы мамиле былтыр, 25-декабрда Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын Бакудан Грозныйга бараткан учагы Актау аэропортуна жакын жерде кулап түшкөндөн кийин солгундаган. Учактагы 67 кишинин 38и каза болуп, 29у аман калган. 28-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиевге телефон чалып, болгон окуя үчүн кечирим сураган. Алиев өз кезегинде Орусиядан күнөөсүн моюнуна алып, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган.

Ал эми быйыл, июль айында Орусиянын Екатеринбург шаарында рейд болуп, азербайжандыктар массалык кармалган. Күч түзүмдөрүнүн бул операциясы адам өлүмү менен коштолгон. Азербайжан тынчсыздануусун билдирип, Бакудагы Орусиянын элчисине нота да берген. Ошондой эле Азербайжанда Орусия менен байланыштуу иш-чаралардын бардык түрү декабрга чейин токтотулган. Көп өтпөй Азербайжандын коопсуздук күчтөрү Бакуда орусиялык эки журналистти, тагыраагы, "Sputnik Азербайжан” агенттигинин жетекчиси Игорь Картавыхты жана башкы редактору Евгений Белоусовду кармаган.

Кечээ Путин алгач ирет азербайжандык учактын кырсыкка учурашы Орусиянын абадан коргонуу системасынын иши менен байланыштуу экенин расмий ырастады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: