Прага – кызыл чатырлуу шаар (блог)
Чехия жана анын борбору Прага эмнелери менен белгилүү? Албетте, кызыл чатырлуу имараттары жана тар көчөлөрү менен. Андан сырткары сырасы, глинтвейни, Škoda үлгүсүндөгү унаалары да дүйнөгө популярдуу. Калаа өзүнүн байыркы көркүн, орто кылымдын табышмагын бүгүнкү күнгө чейин сактап калган.
Бүгүн сиздерге порталыбыздын #Sayakattime рубрикасынын алкагында бул кызыктуу шаарга болгон сапарымды баяндап бермекчимин.
Прагага барганда архитектурасынын өзгөчөлүгүн дароо эле байкадым. Саякатымды алгач айтылуу Карлов көпүрөсүнөн баштадым. XIV кылымдан калган бул таш көпүрө өзүнүн кооз скульптуралары жана көчө музыканттары менен толгон, эртең мененки сейилдөөнүн тынч атмосферасын сезүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Андан соң Старе Место аянтына өтүп, эски мэриянын фасадындагы Астрономиялык саатты көрдүм. Бул саат 1410-жылы орнотулган, дүйнөдөгү эң эски иштеп жаткан астрономиялык сааттардын бири.
Саат үч негизги бөлүктөн турат:
- Астрономиялык бөлүгү – ай, күн жана астрономиялык маалыматтарды көрсөтөт.
- "Апостолдор шаары" – ар бир саат сайын кичинекей терезелерден апостолдор чыгат.
- Скелет жана башка фигуралар – өлүм, алдамчылык жана башка символдор сааттын кооздугуна кошулат. Бул мини-шоуну көргөндө туристтер чогулуп, баары биргелешип кызыгып турушат.
Мен бул сааттын шоусун көрүүгө эртең менен барууну сунуштайм. Анткени туристтер аз жана саатты жакындан жакшы көрүүгө болот. Сүрөткө тартууга да ыңгайлуу.
Кийинки токтогон жерим – Ленон дубалы. Бул дубал Жон Ленон жана The Beatles'ка арналган граффити менен толгон. Түрдүү цитаталар, ар түстөгү боёктор тынчтыкты жана эркин ойду билдирип, ар бир туристти чыгармачылыкка шыктандырат.
Тар көчөлөрдү аралап жатып, мен Праганын Злата көчөсүн жана дүйнөдөгү эң тар көчөнү да көрдүм. Дүйнөдөгү эң тар көчөнүн башында жана аягында адамдар үчүн атайын жол чырак орнотулган. Жашыл күйгөндө гана ал көчөдөн басууга болот. Анткени көчөнүн тардыгы бир адам гана бата тургандай экен. Эки тараптан тең адамдар басып келишсе бири-бирине жол бошотууга мүмкүнчүлүк болбой калат. Ошондуктан бир тарап өтүп жатканда көчөнүн экинчи тарабындагы адамдар күтүп турушканын байкадым.
Бул тар көчөлөр арасында сейилдөө абдан кызыктуу, сүрөткө түшүү үчүн да өзгөчө локация экен. Айтор, башкача сезимде болосуң.
Ошондой эле Петршин дөңүнө чыгып, шаардын панорамалык көрүнүшүн көрдүм. Фуникулер менен көтөрүлүп баруу ыңгайлуу, бакчалардан сейилдөө абдан жагымдуу.
Прага калаасынын сарай комплекси жана Вышеград аркылуу өтүп, тарых менен азыркы замандын айкалышканын байкадым.
Транспорт жагынан Прагада метро, трамвай, автобустар жана фуникулер бар. Мен көбүнчө тарыхый трамвай №91 менен жүрдүм, борбордук көчөлөрдү аралап, бардык негизги жерлерди көрүүгө мүмкүн болду. Албетте, Прагада чех сырасын жана жергиликтүү тамактарды татып көрдүм.
Бул шаарда өзгөчө таасир калтырганы "Бийлеген имарат" болду. Бул Праганын эң өзгөчө архитектуралык имараттарынын бири экен. Ал 1996-жылы бүткөн жана анын формасы бийлеп жаткандай көрүнүп турат. Голливуд жылдыздары Фред Астер менен Жинжер Рожерске арналып жасалган экен. Мен бул имаратка аябай кызыгып, интернеттен төмөнкүдөй маалыматтарды окудум.
Дагы бир өзгөчө архитектурасы менен өзүнө тарткан имарарт - "Кафканын айланма башы" болду.
Бул кинетикалык (жандуу кыймылдагы) скульптура - Прагада жашаган белгилүү жазуучу Франц Кафкага арналыптыр. Скульптуранын бийиктиги 11 метр, салмагы 39 тонна.
Автору - чех сүрөтчүсү Давид Черны, аны Прагада "эркин ойдун скульптору" дешет экен. Скульптура 42 катмардан турат, алардын ар бири өз алдынча айланып турат. Металл катмарлар айланып, акырында Кафканын жүзүн түзүп чыгат - бул адамдын ички өзгөрүүсүн жана ойлорунун кыймылын символдоштурат.
Бул "айланма баш" скульптурасын сөзсүз түрдө көрүүгө арзыйт. Мен көргөн акыркы эки көрүүчү жай – Праганын заманбап искусствосунун жана инженердик ойлоп табуучулугунун символдору экенине ынандым. Бирөө – бийлеп жаткан имарат, экинчиси – ойлонуп, кыймылдап турган баш.
Бул калаада ар бир көчөнү аралап, имараттарды карап, жергиликтүү адамдар менен баарлашуу абдан жагымдуу болду. Архитектурасына суктанып, шаардын жашоосун сезүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Жыйынтыктап айтканда, Прага – мен үчүн сыйкырдуу шаардай сезилди. Ар бир бурчунда тарых, орто кылым эстеликтери, чыгармачылык, көчө музыканттарынын жагымдуу чыгармалары жана романтика жашайт. Сиздин сапарыңыздын жыйынтыгы көргөн жерлердин саны менен эмес, шаардын кооздугун жана атмосферасын ички сезимдериңиз менен кабыл алганыңыз менен өлчөнөт.
Эгерде жакын арада Прагага барууну пландап жатсаңыз, анда сизге көчөлөрүн аралап, жергиликтүү даамдан татып, Влтава дарыясынын жээгинен сейилдеп, бул шаарды чыныгы жүрөк менен көрүүнү сунуштайм.
Прага - кызыл чатырлуу шаар
