Царикаевди жемелегени үчүн мэрден сын уккан депутат Жунушалиевдин кечирим суроосун талап кылды
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Казыбек Эргешов калаа мэри Айбек Жунушалиевдин эл алдында кечирим суроосун талап кылат. Ал жергиликтүү маалымат каражаттардын бирине мэрдин сынына нааразычылыгын билдирди.
Тагыраагы, Эргеш Жунушалиевдин "Биринчи радиодо" анын дарегине айткан сынына нааразы экенин айтып, андай билдирүүлөр шаар башчысынын кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгы экенин белгилеген.
Буга чейин Айбек Жунушалиев Эргешовду мэриянын муниципалдык инспекциясынын башчысы Мирлан Таалайбековду (Царикаев) сындагынына комментарий берип, "Эргешов өзү шаар үчүн эмне кылды эле?" деген.
Айта кетсек, 7-октябрда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында муниципалдык инспекциясынын башчысы Мирлан Таалайбековду бир катар депутаттар сынга алышкан. Алардын арасында Казыбек Эргешов да болду.
Мирлан Таалайбеков Милициянын кайгуул кызматында иштеп жүргөндө Эргешов менен кайым айтышканы белгилүү. Окуя былтыр жай айында болгон. Анда депутат унаасынын алдыңкы терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандыгы үчүн Ысык-Көлгө бараткан жеринен жол тескөөчүлөрү тарабынан токтотулган.
Ал жол инспектору токтотор замат депутаттык күбөлүгүн көрсөткөн. Ага Таалайбеков мыйзам алдында баары бирдей экенин эске салып, протокол түзгөн. Нааразы болгон Эргешов аны “адам эмессиң” деп тилдеп, пиар менен алектенбөөгө чакырган.
