Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнүн 4,3 чакырымы асфальтталды
Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнүн 4,3 чакырымы асфальтталып бүттү. Бүгүнкү күндө калган тилкеге асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери кызуу уланып жаткандыгын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.Маалым болгондой, жеринде 70 техника жана 100дөн ашык кызматкер иш алып барууда. Аны менен катар тротуар, бордюрларын куруу жана жарыктандыруу мамычаларын орнотууга даярдык иштери жүрүп жатат. Ал эми Шералиев көчөсүндө тротуарды асфальттоо иштери аяктады.
Ленин көчөсүнүн узундугу 9 чакырымдан ашык ал эми Шералиев көчөсү 2,3 чакырымды түзөт.
Белгилей кетсек, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев аталган көчөлөрдү толук бүтүрүү үчүн 10-октябрга чейин убакыт берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:41
2025-12-19
18:9
2025-12-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















