super.kg logo

Бишкекте №62 мектептин жаңы спорт аянтчасы ачылды

 

Кечээ, 10-октябрда Бишкектеги №62 мектеп-гимназиясынын заманбап спорт аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болду. Шаар мэри Айбек Жунушалиев мектеп жамаатын жана окуучуларды жаңы спорт аянтчасы менен куттуктаганын басма сөз кызматы билдирди.

"Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы 119 мектепте 260 миңден ашуун окуучу билим алат. Акыркы эки жылда 26 мектеп, кошумча имараттар, бала бакчалар курулду. Биздин максат – ар бир окуучунун өз мектебинде спорт менен машыгуусуна шарт түзүү. Спорт аянтчаларын жакшыртуу жана куруу боюнча иштер мындан ары да улантылат", - деп баса белгиледи мэр.

Объекттин жалпы аянты 1,45 гектарды түзөт. Курулуш жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган. Мектеп окуучулары үчүн жалпы аянты 750 чарчы метрди түзгөн эки кичи футбол аянтчасы, баскетбол жана волейбол аянтчалары, воркаут жана балдар аянтчасы, ошондой эле 1600 чарчы метр платц аянтчасы жана башка спорт аянтчалары курулган.

Айланасы жашылдандырылып, автоматташтырылган гибриддик сугат системасы орнотулуп, 6200 чарчы метр жерге газон себилди. Коопсуздук үчүн аянтчалар тосулуп, кечки жарыктандыруу жана видеокөзөмөл системалары орнотулган. Жыл бою спорттук иш-чаралар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз резина капталган чуркоо жолу түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: