super.kg logo

АКШнын Теннесси штатындагы ок-дарылар заводунда жарылуу болду. Курмандыктар бар

 

АКШнын Теннесси штатындагы аскердик ок-дарылар чыгаруучу заводдо болгон жарылуудан улам бир нече адам каза болуп, кээ бирлери дайынсыз болуп жатканы кабарланды. Бир нече ирет кайталанган жарылуулар куткаруучуларга заводго жакындаганга мүмкүнчүлүк бербегендигин чет элдик басылмалар жазышууда.

Компаниянын сайтында айтылгандай, завод Бакснорт шаарынын четинде, Нэшвилл шаарынан 97 чакырым түштүк-батышта, токойлуу дөңсөөлөрдө жайгашкан сегиз имаратта жарылуучу заттарды чыгарып жана сыноо иштерин жүргүзөт.

Хамфрис округунун шерифи Крис Дэвис маалымат жыйынында азыркы учурда бир нече адам дайынсыз болуп жатканын ырастап, учурда болгон күч-аракеттер жумшалып жаткандыгын билдирди. Ал жарылуунун себеби азырынча аныктала электигин кошумчалап, иликтөө бир нече күнгө созулушу мүмкүн экенин айтты.

Басылмалар жарылуудан дөңсөөнүн башындагы имарат жок болуп, күйүп жаткан унаалар гана калганын билдиришүүдө. Ошондой эле жарылуулар уланышы мүмкүндүгү да айтылууда.

Теннесси штатынын Өзгөчө кырдаалдар боюнча агенттиги жабыркагандар бар экенин ырастады, бирок так санын атаган жок, анткени бул маалыматтар Саламаттык сактоо департаменти тарабынан али тастыктала элек.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: