АКШда Трамптын администрациясы ондогон медкызматкерлерди жумуштан бошотту
АКШда Дональд Трамптын администрациясы өкмөттүн убактылуу жабылышына (шатдаун) байланыштуу федералдык кызматкерлерди массалык түрдө жумуштан бошото баштады. Бул тууралуу New York Times басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун (CDC) ондогон кызматкерлери, алардын ичинде илимпоздор жана мекеменин Вашингтондогу кеңсеси жумушсуз калды. Жумуштан бошотуу тууралуу каттар жума күнү кечинде таратылган.
1-октябрдан тарта АКШда жаңы каржылык жыл башталган, бирок Конгресс бюджетти кабыл ала элек. Натыйжада өкмөттүн иши жарым-жартылай токтоп, айрым мекемелер убактылуу ишин токтотууда. Бул көрүнүш АКШда "шатдаун" деп аталат.
Трамп буга чейин өкмөт иштебей турган учурду персоналды кыскартуу жана чыгымдарды азайтуу үчүн колдонорун билдирген.


