super.kg logo

Трамп Кытайдан келген товарларга 100 пайыз бажы салыгын киргизерин билдирди

 

АКШ президенти Дональд Трамп 1-ноябрдан тарта Кытайдан импорттолгон товарларга 100 пайыз кошумча бажы төлөмдөрүн киргизүүнү пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу BBC басылмасы жазып чыкты.

Мындай чечим Кытай тарап сейрек кездешүүчү жер металлдарынын экспортун чектегенден кийин кабыл алынды. Трамп Пекинди "душмандык аракеттерге" барууда деп айыптады.

Трамп ошондой эле Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолугушууну жокко чыгаруу ыктымалдыгын айтты. Бул жолугушуу 31-октябрь жана 1-ноябрда Түштүк Кореяда өтө турган АТЭС саммитинде болушу күтүлүп жаткан.

Кытай сейрек кездешүүчү жер металлдарынын дүйнөдөгү эң ири өндүрүүчүсү. Экспорттук чектөөлөрдөн улам Ford компаниясы убактылуу өндүрүшүн токтотту, ал эми Кытай Qualcomm компаниясына карата антимонополдук териштирүү баштады.

Ушул жылдын май айынан бери АКШ менен Кытай соода боюнча убактылуу макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, АКШ товарларына Кытайда 30 пайыз бажы төлөмү, ал эми Кытай товарларына АКШда 10 пайыз төлөм алынууда.

Бирок бул жаңы аракеттер соода согушунун кайра жандануусуна алып келиши мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: