12 миллион сомдук мыйзам бузуу. Бажы кызматкерлери фактыларды аныкташты

Мамлекеттик бажы кызматы 12 миллион сомдон ашык суммадагы бажы мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери тарабынан Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) талаптарына туура келбеген иштер аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө, "Э.-П." ЖЧКсы тарабынан ташылган полиэтилен товарлары туура эмес классификацияланган. Мындай мыйзам бузуунун натыйжасында, бажы төлөмдөрү жана туумдар туура эмес эсептелип, мамлекеттик бюджетке 12 миллион сомдон ашык каражат түшпөй калган.
Учурда бул факты боюнча тиешелүү укуктук баа берилип, материалдар тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилген.
Бажы кызматы мындай учурлар жарандарга жана ишкерлерге мыйзамды так сактоонун маанилүүлүгүн эске салат.

