super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү саясатпы же стратегиябы? УКМКнын төрагасы жооп берди

 
"Стратегиялык багытты алганда Жалал-Абад шаарын Манас деп атоо эң туура болду". Мындай пикирин бүгүн, 11-октябрда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Манас шаарына болгон иш-сапарынын алкагында билдирди. Анын айтымында Жалал-Абад деген атка бир да тарыхчы анык жана далилдүү түшүндүрмө бере алган эмес.
"Өмүр бою Жалал-Абад шаарында чоңойдум. Аталышын да жакшы көрөм. Бирок ошол эле мезгилде келечекти ойлошубуз керек. Жаңы туулуп жаткандар өздөрүн Манастын тукуму экенин билип, тарыхтагы ордун билген багытты көздөшүбүз керек. Жалал-Абад шаары эмнеден улам аталып калгандыгын бир да тарыхчы так атап бере албады. Бирөөсү Ферганадан келген киши экен дейт, башкасы исламга байланыштуу китептерден алынган дейт. Жомокчу саясатчыбыз бар. Ал Бек абад, Жалал-Абад, Кемпир-Абад деген шахтын уулдары экен деп жомогун айтып отурат. Тарых тактай албай койду. Ал эми Манас деген ар бир кыргыздын оюна сиңген. Акылы барлар түшүнүп жатса керек", - деди Ташиев.
Атайын кызматтын төргасы аталышты өзгөртүүнү колдогон президент Садыр Жапаровго ыраазычылык сөзүн айтып, 2026-жылы Манас республикалык деңгээлдеги үчүнчү шаар боло тургандыгын билдирди.
"Манас алдыңкы шаар болуш керек. Ал үчүн көптөгөн эмгек, убакыт керек. Көптөгөн адамдардын акыл-эси, тажрыйбасы, жаштардын демилгеси керек. Азыр Манас облустук деңгээлдеги шаар болсо, 2026-жылы республикалык болот. Бишкек, Ош, Манас шаары болот. Саясатчылар айтып жатышпадыбы Манас шаары борбор болот экендигин. Мен биринчи жолу айтып жатам, аны келечек көрсөтөт. Биз ошого татыктуу болсок, эмне үчүн болбойт? Болот. Борбор болуш оңой эмес. Ал үчүн шаарыбызды, элибизди даярдашыбыз керек. Жөн эле борбор деп атап алуу болбойт", - деп жыйынтыктады төрага.





Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү саясатпы же стратегиябы? Ташиев жооп берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: