Пакистан Ооганстандын чек арадыгы 19 көзөмөл пунктун ээлеп алгандыгы айтылууда
Пакистан Ооганстандын 19 чек ара көзөмөл-өткөрмө пунктун басып алгандыгын чет элдик басылмалар жазышууда. Эки өлкө ортосундагы аскердик кагылышуу буга себеп болгон.
Маалыматтарга караганда, Ооганстан бул көзөмөл пункттарын Пакистандын аймагына кол салуу үчүн колдонуп келген деп шектелүүдө.
Шейшемби күнү Ооганстандын Коргоо министрлиги Пакистанга каршы “өч алуу операциясы” ийгиликтүү өткөнүн жарыялады.
Маалымат булактары билдиргендей, бейшемби күнү Пакистандын учкучсуз учуучу аппараты (дрону) Кабулда бронетехникадагы унаага сокку урууну ишке ашырган. Бул унаада пакистандык “Талибан” кыймылынын башчысы Нур Вали Мехсуд жана анын мүмкүн болгон мураскерлери жүргөн. Мындан тышкары Пакистандын аба күчтөрү жумага караган түнү Ооганстандын чыгышындагы Пактика провинциясына аба соккуларын жасаган.
Соккулардын максаттуу багыты “Ислам мамлекети” (Кыргызстанда тыюу салынган) экстремисттик тобунун айрым объекттери болгон.
Tolo News телеканалы бул кагылышууларда 12 пакистандык аскер мерт болуп, дагы 2 аскер жаракат алганын билдирди. Ошондой эле Кандагар провинциясында 5 пакистандык жоокер талибдерге багынып бергендиги кошумчаланды.
