super.kg logo

Газадагы гуманитардык миссия. АКШ Израилге аскер жөнөттү

 

АКШнын 200гө жакын аскер кызматкери Израилге келе баштады. Алар Газанын аймагына кирбей, гуманитардык жардам жана коопсуздукту координациялоочу борборду түзүшөт. Бул борбор Газага жардам жеткирүү жана материалдык-техникалык камсыздоо иштерин жөнгө сала тургандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.

АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф жана Борбордук командачылыктын башчысы Брэд Купер Газага барып, АКШ аскерлери аймакка кирбей туруп иш жүргүзө турганын билдиришти.

- Келишимге ылайык, ХАМАС Израилде кармалган 48 туткунду дүйшөмбүгө чейин бошотууга макул болду. Алардын болжол менен 20сы гана тирүү болушу мүмкүн. Израил жооп иретинде камактагы 2000 палестиналыкты бошотот.

- Газада 5000ден ашуун инфраструктуралык иштер аткарылып, 700дөй гуманитардык миссия ишке ашууда. 300 миңге жакын палестиналык качкын түндүккө кайтып жатат, бирок алардын көпчүлүгү үй-жайсыз калган.

- БУУнун Азык-түлүк программасы 145 азык-түлүк борборун кайра ачууга даяр, бул иш Израил жардам жеткирүүгө уруксат бергенден кийин башталмакчы.

Жакынкы күндөрү АКШнын президенти Дональд Трамп Египетте өтө турган тынчтык келишимине кол коюу аземине катышары күтүлүүдө. Бул окуя Израил менен ХАМАСтын эки жылдык согушунун аякташын билдириши мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: