Израилде 400 миңдей киши Трампка рахмат айтып, Нетаньяхунун аракетин сынга алды
Израилде миңдеген адамдар ХАМАС тарабынан бошотулган туткундарды жана Газа боюнча тынчтык келишимин майрамдашты. DW маалыматына ылайык, Тель-Авив шаарындагы акцияга 400 миңге жакын адам чыкты.
Демонстранттар "Рахмат, Трамп!" деп кыйкырып, аны "Нобель" тынчтык сыйлыгына көрсөтүүнү талап кылышты.
Бирок майрамдык маанай менен катар Израил өкмөтүнө нааразылык да күч алды. АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф эл алдында сүйлөп жатып, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну атаганда эл ышкырып, каршылык билдирип, сүйлөөгө тоскоолдук кылды. Уиткофф элди тынчтанууга чакырып, сөзүн улантууга аргасыз болду.
Көптөгөн туткундардын үй-бүлөлөрү жана активисттер Нетаньяхуну ХАМАС менен келишим түзүүдөн баш тартып, бошотууга аракет кылбаганын сынга алышууда.
