super.kg logo

Голливуд жылдызы Дайан Китон 79 жаш курагында дүйнө салды

 

Америкалык белгилүү актриса, “Оскар” сыйлыгынын лауреаты Дайан Китон кечээ, 11-октябрда Калифорнияда 79 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу People журналы жазып чыкты.

Анын өлүмүнүн себептери азырынча расмий айтыла элек. Бирок PageSix булактарынын маалыматына караганда, актрисанын ден соолугу акыркы айларда начарлап кеткен.

Дайан Китон дүйнөгө белгилүү "Крёстный отец" тасмасындагы Кей Адамс жана "Энни Холл" тасмасындагы башкы ролу менен таанылган. "Энни Холл" фильми үчүн ал “Оскар” сыйлыгын утуп алган. Бир нече белгилүү кинолордо мыкты ролдорду жараткан.

Актриса 1946-жылы Лос-Анжелесте төрөлгөн. Карьерасын 1970-жылы баштап, кийинчерээк режиссёрлук иштерге да аралашкан. Ал тургай “Твин Пикс” сериалынын бир эпизодун тарткан жана 2021-жылы Жастин Бибердин "Ghost" клибине катышкан.

Дайан Китон турмуш курган эмес, бирок 1996 жана 2001-жылдары Декстер жана Дюк аттуу эки баланы багып алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: