super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Трамп: "Эгерде Орусия согушту токтотпосо, АКШ Украинага "Томагавк" ракеталарын берет"

 

АКШ президенти Дональд Трамп эгер Украинадагы согуш жакынкы убакта жөнгө салынбаса, анда Киевге узак аралыкка атылуучу "Томагавк" канаттуу ракеталарын жөнөтүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Бул билдирүүдөн мурда Трамп Украина президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда Украинага "Томагавк" ракеталарын берүү мүмкүнчүлүгү талкууланган.

"Мүмкүн мен [Путин менен] сүйлөшөм. Мен ага "карачы, эгер бул согушту токтото албасак, мен аларга "Томагавктарды" жөнөтөм", — деген Трамп.

Трамп учурда Израилге бара жатат. Ал жакта ХАМАСтын израилдик туткундарды бошотушу күтүлүүдө.

Ал эми Кремлдин өкүлдөрү болсо АКШнын Украинага "Томагавк" ракеталарын берүү мүмкүнчүлүгүн олуттуу эскалация катары баалашты.

Украина президенти Владимир Зеленский буга чейин эгер АКШ «Томагавктарды» берсе, Украина аларды жалаң гана аскердик буталарга каршы колдонорун айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: