super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мадагаскар президенти аскерлер бийликти басып алууга аракет кылганын билдирди

 

Мадагаскар президенти Андри Радзуэлинанын администрациясы өлкөдө мыйзамсыз жана Конституцияга каршы бийликти басып алуу аракети болуп жатканын билдирди.

Билдирүүдөн бир нече саат өткөндөн кийин, CAPSAT деп аталган армиянын бөлүгү, тагыраагы, кадрдык жана административдик-техникалык кызматтар корпусу өлкөнүн аскер күчтөрүнүн жетекчилигин колго алганын жарыялады. Алар эми кургактагы, аба жана деңиз күчтөрүн толугу менен көзөмөлдөп жатканын билдиришти.

Кызыгы, дал ушул CAPSAT бөлүгү 2009-жылдагы саясий кризисте негизги ролду ойногон. Ал убакта дал ушул окуялардын натыйжасында Андри Радзуэлина бийликке келген эле.

Мадагаскарда нааразылык акциялары 25-сентябрда башталган. Башында эл суу жана электр жарыгынын өчүрүлүшүнө каршы чыкса, кийин бул нааразылык өкмөттүн жалпы ишине каршы кеңири демонстрацияларга айланган. Элди негизинен жумушсуздуктун жогору деңгээли, коррупция жана жашоонун кымбаттап кеткени нааразы кылууда.

Өткөн ишембиде кээ бир аскерлер борбор шаар Антананаривунун чет жакасындагы казармаларын таштап чыгып, мэриянын алдында митингге чыккан элге кошулуп кетишкен.

Ишемби күнү президенттик администрация билдирүү жасап, учурдагы президент Андри Радзуэлина жана ал өткөн жумада дайындаган жаңы премьер-министр Руфин Зафисамбо өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөп жатканын билдирди.

Жекшембиде жарыяланган билдирүүдө президент Радзуэлина: "Азыркы тапта республика аймагында бийликти басып алуу аракети жасалууда, бул Конституцияны жана демократиялык принциптерди одоно бузуу болуп эсептелет", -деди ал.

Ал өлкөнү туруксуздаштырууга болгон ар кандай аракеттерди кескин айыптап, бардык маанилүү күчтөрдү конституциялык түзүлүштү жана улуттук эгемендүүлүктү коргоо үчүн биригүүгө чакырды.

Ошол эле күнү CAPSAT бөлүгү Фейсбуктагы билдирүүсүндө генерал Демосфен Пикуласты армиянын жаңы Башкы штаб башчысы катары дайындаганын жарыялады.

Жекшемби күнү эртең менен CAPSAT лагеринде жандармерия кызматкерлери сүйлөшүү үчүн келгенден кийин атышуу болгондугу тууралуу маалыматтар түшкөн. Бирок азырынча бул окуя боюнча толук маалымат жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: