Sham TV: Израил армиясынын дрону Сириядагы аскердик объектилерге сокку урду
Израилдин Аба күчтөрүнө караштуу учкучсуз учуучу аппарат Сириянын борбору Дамасктын чет жакасындагы жер үстүндөгү аскердик объектилерге сокку урду. Бул тууралуу Sham TV телеканалы маалымдады.
Маалыматка ылайык, соккулар Масакин-эс-Саббура микрорайонуна жакын жайгашкан аскердик объектилерге багытталган. Соккудан кийинки абал тууралуу расмий маалыматтар азырынча айтыла элек.
Эске салсак, 2-октябрда да Израилдин учкучсуз учактары Сириянын борбору Дамасктын батыш жана түштүк аймактарын аткылаган.
6-сентябрда болсо Израил армиясы Сириянын түштүгүндөгү Бир-Ажам жана Брейга аттуу калктуу конуштардагы радикал элементтерди тазалоо операциясын жүргүзгөн. Бул операцияда да Израилдин учкучсуз учуучу аппараттары колдонулган. Израил акыркы убактарда Сирияга аскерлерин жөнөтүүдө жана жергиликтүү тургундар бир нече жолу кармалганы айтылууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















