super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Христофор Колумбдун кемесинин көчүрмөсү Мексикада чөгүп кетти (видео)

 

Христофор Колумбдун "Санта-Мария" кемесинин так көчүрмөсү, галеон "Маригаланте" Мексикадагы курорттук Пуэрто-Вальярта шаарынын жээгинде чөгүп кетти.

Так ушундай кеме менен Колумб Америка континентин ачкан. Көчүрмөнү 33 жыл мурун курушкан. Бул кемеде туристтик круиздер жасалып келген. Окуяга чейин кемеде бузулуулар табылып, бир нече мүнөттө суу каптап, кеме толугу менен чөгүп кеткен. Окуя суу чыгаруу системасынын иштен чыгышынан улам болгон. Бардык жүргүнчүлөр куткарылып, эвакуацияланган.

30 жылдан ашуун убакыт "Маригаланте" Пуэрто-Вальярта шаарынын негизги туристтик өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп келген. Кеме жергиликтүү булуңдун символу болуп саналган.

Буга чейин дайверлер Флориданын жээгинде 300 жылдан ашык убакыт мурун чөккөн кемелердин калдыктарын тапкан. Деңиз түбүнөн миңден ашуун алтын жана күмүш тыйындар алынган. Тарыхый булактарда 1715-жылы 11 кеме Кубадан Испанияга кымбат жүк менен бараткандыгы айтылган. Анын азыркы наркы 400 миллион долларга жетет. Бирок флотилия катуу бороондо чөгүп, болжол менен миңдей деңизчи каза болгон. Узак убакыт бул "Казына флотунун" кайда экени белгисиз болуп келген. Бирок быйыл жайында ал табылган.






Христофор Колумбдун кемесинин  көчүрмөсү Мексикада чөгүп кетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: