Эрлан Шеров Испанияда өткөн Европа кубогунда коло медаль тагынды
Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Испанияда өткөн Европа кубогунда 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргыз дзюдо федерациясынан билдиришти.
Шеров 90 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, мелдешти 1/16 финалдан баштады.
Ал биринчи күрөшүндө испаниялык спортчуну жеңсе, андан кийин грузин спортчусуна жеңилип калды. Бирок жубатуучу беттешке катышып, португалиялык, шведдик, германиялык жана марокколук спортчуларды утту.
Кыргызстандык спортчу мелдештин жалпы жыйынтыгы менен 3-орунду алып, коло медаль тагынды.
Ошондой эле мелдешке 66 килограммга чейин салмакта Эрбол Абасбеков да катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:37
2025-10-09
16:22
2025-10-09
0:21
2025-10-09

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.