"Дүйнөнү таң калтырган..." Нетаньяху Израилдин бардык фронттордогу жеңишин жарыялады
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Израилдин бардык фронттордогу жеңишин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Ал Израилдин кээ бир душмандары кайрадан жөөт мамлекетине кол салуу үчүн күч топтоого аракет кыларын белгиледи.
"Биргелешкен аракеттерибиз менен биз эбегейсиз чоң жеңиштерге жетиштик. Бүткүл дүйнөнү таң калтырган жеңиштерге жетиштик. Биз кайсы жерде согушпайлы, биз жеңдик. Ошол эле учурда өнөктүк бүтө электигин айтып коюшум керек. Бизде дагы эле өтө олуттуу коопсуздук көйгөйлөрү бар. Биздин кээ бир душмандарыбыз кайра күч-кубат алууга аракет кылып жатышат", - деген ал элге кайрылуусунда.
Айта кетсек, 10-октябрда Израил менен ХАМАС кыймылынын ортосунда ок атышпоо келишими күчүнө кирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:36
2025-10-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.