Лекорню кайрадан өкмөт башчы болуп дайындалгандан кийин жаңы өкмөттүн курамын жарыялады
Франциянын жаңы өкмөтүнүн курамын премьер-министр Себастьен Лекорню кайрадан дайындалганынан эки күн өткөн соң жарыялады. Бул тууралуу кечээ, 12-октябрда чет элдик басылмалар жазышты.
Жаңы өкмөт курамында мурунку өкмөттүн бир катар мүчөлөрү кызмат ордунда калышты.
Ошондой эле экономика жана каржы министри болуп президент Макрондун жакын союздашы Ролан Лескюр кайра дайындалды. Анын алдында эң оор тапшырмалардын бири, тагыраагы, келерки жылдын бюджетин кабыл алуу жана өлкөнүн чоң мамлекеттик дефицитин кыскартуу милдети турат. Күтүлүп жаткандай, Лекорню өзүнүн бюджеттик планын бүгүн, 13-октябрда жарыялайт.
Коргоо министри болуп консерватор Катрин Вотрен дайындалды. Ал буга чейин Франсуа Байрунун өкмөтүндө эмгек жана саламаттыкты сактоо министри болуп иштеген.
Ички иштер министри болуп Париж полициясынын башчысы Лоран Нуньес, ал эми Франциянын мамлекеттик темир жол компаниясы SNCFтин мурдагы жетекчиси Жан-Пьер Фаранду эмгек министри болуп дайындалды.
Лекорню өкмөт "миссиянын негизинде" түзүлгөнүн айтып, анын башкы максаты жыл аягына чейин мамлекеттик бюджетти кабыл алуу экенин баса белгиледи. Социалдык тармактагы X баракчасында премьер-министр министрлерге өлкөнүн кызыкчылыгын жеке жана партиялык амбициялардан жогору койгондугу үчүн ыраазычылык билдирди.
Себастьен Лекорню 6-октябрда өз каалоосу менен отставкага кеткен, бирок төрт күндөн кийин Эммануэль Макрон тарабынан кайрадан премьер-министрликке дайындалган. 10-октябрда ага жаңы өкмөттү түзүү тапшырмасы берилгени айтылган.
Анын кызматтан кетүү себептеринин бири 2026-жылдын бюджети боюнча консенсуска келе албагандыгы болгон. Кайра дайындалгандан кийин ал X баракчасында: "Француздарды тажаткан бул саясий кризиске жана өлкөнүн аброюна зыян келтирген туруксуздукка чек коюлушу керек. Мен Франция бул жылдын аягына чейин бюджетке ээ болушу үчүн болгон күчүмдү жумшайм", — деп жазды.
39 жаштагы Лекорню Франциянын мурдагы коргоо министри жана Макрондун ишенимдүү саясий өнөктөшү болуп саналат. Ал премьер-министрлик кызматка алгач ирет 9-сентябрда дайындалган. Лекорню — акыркы эки жылда Макрон дайындаган бешинчи премьер-министр.
