super.kg logo

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 13-октябрдан 19-октябрга чейин  

 

КОЙ
(21.03–20.04)

Бул апта сиз үчүн динамикалуу жана иш-аракеттерге бай болууну убада кылат. Карьераңызда алдыга чечкиндүү секирик жасоого убакыт келди. Ошондой эле жумушсуз үйдө отургандар үчүн да үй тиричилигинде колуңузду, убактыңызды алган иштер пайда болот. Сизди жардамга чакыргандар болот. Максатсыз акча чачуудан же акча берем деп сөз берүүдөн алыс болуңуз. Романтикалык жаатта көптөн күткөн жолугушуу орун алышы мүмкүн. Ишемби конокко барууңуз күтүлөт.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Айым букачарлар үчүн жеңил өтөт апта. Ден соолукта жаралган маселелер оң жагына чечилиши күтүлөт. Ал эми мырзалардын жумушунда “тыныгуу” орун алышы мүмкүн. Башкаларды “тарбиялоодон”, керексиз кеңеш айтуудан алыс болуңуз, катуу сөз угуп таарынып калышыңыз мүмкүн. Фаст-фуд тамак-аштардан сак болуңуз, ууланып калуу коркунучу бар. Кыймылсыз мүлк же үйгө керектүү чоң буюм сатып алуу сыяктуу ири соода жүргүзүшүңүз мүмкүн. Соодадан кабары бар адам менен кеңешиңиз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Аптада көптөгөн адамдар менен баарлашуу, жаңы таанышуу, жаңы маалыматтарды алуу сыяктуу коммуникацияга байланыштуу иштер орун алат. Тил табыша билүү жөндөмүңүз сизге пайдалуу иштердин алга жылышын шарттамакчы. Кыска сапарга чыгышыңыз мүмкүн. Окуу, илим-билим жаатындагыларды ийгилик коштойт. Сүйүү талаасында сизге күтүүсүз адам сезимдерин билдириши ыктымал. Артта калган адамдарга кылчайбай, жаңы эшиктерди ачканга даяр болуңуз, өкүнбөйсүз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Өзгөрүү убактысы. Эски буюмдардан, кийим-кечелерден арылыңыз. Жумушуңуз жакпай жатса, алмаштырыңыз. Көңүлүңүздү ооруткан адамдардан кол үзүңүз. Керек болсо келбетиңизге да өзгөртүү киргизиңиз, чач жасалга, имидж, стиль... Шашмалыгыңыз пайда алып келбейт, шашпай өзүңүздү угуңуз, үй-бүлөңүздү угуңуз. Бүгүнкү күн менен жашаганды үйрөнүңүз. Аба ырайынын өзгөрүшү менен өнөкөт оорулар козголушу ыктымал, кечиктирбей врачтын кабыл алуусунда болгонуңуз жакшы.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Чыгармачыл чөйрөдөгүлөр харизмасы менен ийгиликке жете алышат. Андан сырткары чыгармачылык эргүү жумушуңузда да мыкты жардамчы боло алат. Жалгыз бой арстандарды кызыктуу таанышуулар күтөт. Ал адам жөн эле таанышка айланабы же түгөйгөбү, сизден көз каранды. Ал эми түгөйлүүлөр мамилесине флирт, жаңы дем кошкону жакшы. Дем алыш күндөрү тынч эс алам деген пландарыңыз ишке ашпай, ыкчам жасалууну талап кылган жумуш чыгышы ыктымал.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Аптанын биринчи жарымы жемиштүү башталат. Маанилүү документтерди тез жана оңой бүтүрө аласыз, жетекчиңизден мактоо угуп же сый акы алышыңыз мүмкүн. Техника менен алектенгендердин иши да алга жылат. Ойлогон оюңузду өзгөрткүсү келгендер чыгат, моюн бербеңиз. Соода кылууга ийгиликтүү апта, анткени каржылык абалыңызды жакшырткан пайда табасыз. Апта соңу көңүлүңүздү үйгө, жеке жашоого буруп, топтолгон маселелерди чечүүгө аракет кылышыңыз керек.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Сиз үчүн негизги максат – өнөктөштүк болушу керек. Жалгыз эмес, жаныңызда бирөө болгондо колуңузга эмне иш албаңыз алга жылмакчы. Бул эрежени жумушта да, үйдө да колдонуңуз. Түгөйүңүз менен бардык ишти кеңешип, оюн сурап кылганыңыз туура. Өзүм билемдик кылсаңыз үйдө пикир келишпестиктер чыгышы мүмкүн. Өзүңүзгө өзүңүз маселе ойлоп тапкандан качыңыз. Сизден курч эмоция чакыргысы келгендер болот, манипуляцияга алдырбаңыз, анан да спирт ичимдиктеринен алыс болуңуз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Олуттуу чечимге жоопкерчилик алуудан качкыңыз келет, бирок антсеңиз башкалар сиз үчүн чечим чыгарып саларын унутпаңыз. Тилиңизди тишке ката билиңиз, болбосо ыңгайсыз абалга туш болосуз. Жумушта активдүү жана тобокелчил болсоңуз, көп өтпөй ийгиликти шампан менен белгилеп каласыз. Балдарыңызды жылуу кийинтиңиз, суук өтүп, сасык тумоолоп калышы мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында шаан-шөкөттөн качып, көпчүлүктөн алыс, үйдө тынч өткөрүү сунушталат.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Оптимисттүү маанайда болосуз, кругозоруңузду кеңейте турган иштерге аралашасыз. Жагымдуу саякатка чыгышыңыз да мүмкүн. Чет тилин билгендер үчүн айлык маянасы жогору жаңы жумуш сунушталышы ыктымал. Динамикалуу күндөрдөн пайдаланып бир жерде тынч отурбаңыз, алып-жулуп иш кылганыңыз жакшы. Бойдоктордун жеке жашоосунда да өзгөрүүлөр орун алышы мүмкүн, болгондо да активдүү иш үстүндө жолугушуу орун алышы күтүлөт. Апта соңун маданий чөйрөдө өткөрүңүз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Аптанын биринчи жарымында маанилүү окуялар орун албайт. Ал эми экинчи жарымында жоопкерчиликтүүлүгүңүздүн жана максатка умтула билүүңүздүн жемишин көрөсүз. Жумуштан алаксып, өзүңүзгө тынчтык, эс алуу тартуулаганды да унутпаңыз. Антпесе жумушка болгон каалоо “күйүп” кетиши мүмкүн. Финансылык жактан жогорулоо күтүлөт, бул жаңы каржы булактарына байланыштуу. Жеке жашоодо баары ойдогудай болот, үй-бүлөңүздүн колдоосуна, жардамына ээ болосуз.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү кыйын кырдаалга туш болушуңуз мүмкүн. Сиз бекем, туруктуу деген мамиледен жарака кетип, ишенимдүү адамдын эки жүздүүлүгү ачыкталат. Бирок кайгырбаңыз, дос ким, душман ким экенин билип алганыңыз өзүңүзгө эле пайда. Чыгармачыл адамдарды эргүү коштогон апта. Алдыга койгон пландарыңызды эч ким менен бөлүшпөңүз. Нерв системин тынчтандыруу үчүн жаңы хобби (тамак жасоо, машина айдаганды үйрөнүү, сүрөт тартуу жана башка) табуу сунушталат.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Башкалардын жашоосун карап, башкалардын айтканын угуп отура бербей, өз жашооңузду өз аракетиңиз менен алып кеткенге аракет кылыңыз. Бул апта кеңеш суроо убактысы эмес, ички туюмуңузга ишенип чечим чыгарыңыз. Анан да аян түш көрүшүңүз мүмкүн, түштөргө маани бере жүрүңүз. Жумушту оңой бүтүрүүнү эмес, так аткарууну приоритет кылган жакшы. Сапарга чыгып калсаңыз, жол эрежелерин сактаганга аракет кылыңыз. Дем алышта курч окуялар күтүлбөйт.



Источник: super.kg маалымат-маанайшат порталы






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: