ХАМАС израилдик туткундардын биринчи тобун бошотту
ХАМАС израилдик барымтадагылардын биринчи тобун Крес Крест уюмуна өткөрүп берди. Израил менен ХАМАС ортосундагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга ылайык, жалпысынан 20 барымтадагы адам 1900дөн ашуун палестиналык туткунга алмаштырылат.
Израил өкмөтүнүн расмий өкүлү Шош Бедросян билдиргендей, бошотулгандар аскер базасына жеткирилет, андан кийин зарыл болсо ооруканага которулат.
Маалыматтарга ылайык, бул жети барымтадагы адамдардын арасында Гали жана Зив Берман, Матан Ангрест, Алон Охель, Омри Миран, Эйтан Мор жана Гай Гильбоа-Даллал бар.
Газа секторундагы ок атышууну токтотуу режими 10-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамптын тынчтык планынын алкагында күчүнө кирген. Бүгүн, 13-октябрда Египетте бул келишимге кол коюу аземи өтөт.
