№ 4 шайлоо округу боюнча шайлоого кимдер талапкерлигин коюшту? (тизме)








Бүгүнкү күндө №4 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 8ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
№4 шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси:
- Мамадумаров Ахмеджан 17.10.1957-жылы туулган, пенсионер
- Алимжанова Нилуфар Якубжановна 16.06.1991-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
- Эсенбаев Манарбек Байтокович (арызын чакыртып алды) 06.07.1984-жылы туулган, Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук күбөлүктү каттоо агенттигинин Ноокат бөлүмүнүн орун басары
- Мадмарова Эльнара Абдувалиевна 18.05.1971-жылы туулган, отставкадагы судья
- Абдивалиев Артыкбай Турабидинович 21.05.1969-жылы туулган, "Абдивалиев" ЖЧКнын директору
- Илязбаев Нурбек Илязбаевич 30.09.1992-жылы туулган, обьектерди башкаруу боюнча дирекция
- Нарматова Надира Азимовна 20.12.1958-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
- Амиралиев Шабданбек Камалидинович 03.01.1987-жылы туулган, жеке ишкер (тизме жаңыланып турат)
№4 шайлоо округу Ноокат шаары. Шайлоочулардын саны 128 миң 275. Шайлоо округуна Ноокат шаары, Ноокат районунун Бел, Жаңы-Ноокат, Гүлистан, Зулпуев, Кара-Таш, Кеңеш, Көк-Бел, Кыргыз-Ата, Мирмахмудов жана Насирдин Исанов айыл аймактары, Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагынын Кичик-Алай жана Чөгөм айылдары кирген.
Эскерте өтсөк, парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрь саат 18:00гө чейин кабыл алынат. Шайлоо ушул жылдын 30-ноябрында өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-10-13
13:06
2025-10-13
Рейтинг:
0

