Шайлоо-2025: №5 шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси




Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, парламенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоого №5 шайлоо округу боюнча 3 жаран талапкерлигин көрсөттү. Алар:
- Нурматов Кубанычбек Советович, 27.11.1966-жылы туулган, убактылуу иштебейт
- Маматалиева Багдадгүл Меликозиевна, 08.09.1984-жылы туулган, мугалим
- Каратаев Мадаминжан Мусаевич, 12.08.1962-жылы туулган, И.К.Ахунбаева атындагы КММАнын профессору (тизме жаңыланып турат)
№5 шайлоо округу – Араван айылы. Шайлоочулардын саны 164 миң 557. Шайлоо округуна Араван районунун Достук, Дөбө-Коргон, Юсупов, Чек-Абад айыл аймактары жана Керме-Тоо айыл аймагынын Гүлбаар айылы кирди. Ош шаарынын МТУ-2, МТУ-3, Кызыл-Кыштак шайлоо участкалары да кирген.
Белгилей кетсек, парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрь саат 18:00гө чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-10-13
13:06
2025-10-13
Рейтинг:
0

