Кытайлык аял 20 эркектен алган iPhone телефондорун сатып, батир алган
Кытайлык аял бир убакта 20 эркек менен сүйлөшүп, алардан жаңы iPhone телефондорун алдырган. Андан кийин ал батирдин алгачкы төлөмүн төлөө үчүн телефондорду саткан.
Чет элдик басылмалардын маалыматтарына караганда, окуя өлкөнүн Шэньчжэнь шаарында болгон. Ал алган аппараттарды интернет аркылуу саткан. Натыйжада 17 миң доллар топтогон. Аял каражатты батирдин алгачкы төлөмүн төлөөгө жумшаган.
Ал аз айлыкка иштегени белгилүү болгон. Кесиптештери анын кылык-жоруктарын угуп, таң калышкан.
Кесиптештеринин айтымында, ал жаркылдаган жана эл менен бат тил табышкан аял. Бирок, алдамчылыктын бети ачылгандан кийин компания анын иштен алынышы мүмкүндүгү тууралуу айтышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-10-13
12:36
2025-10-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.