super.kg logo

Сокулукта 72 жаштагы киши айылдашын өлтүрүүгө шектелип кармалды

 

Сокулук районунда 72 жаштагы киши адам өлтүрүүгө шек саналып кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-сентябрда саат 09:18де милицияга Совхоз-Фрунзе айылындагы үйлөрдүн биринен 71 жаштагы кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Маркумдун денесинен зомбулуктун белгилери табылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөдө маркумдун үйүндө алар спирт ичимдигин ичип отуруп чырдаша кеткени аныкталган. Натыйжада шектүү айылдашынын денесине залал келтирген. Анын кесепетинен айылдашы каза болуп калган. Шектүү кылмыш болгон жерден качып кеткен.

Шектүү соттун чечими менен ал камакка алынган. Учурда тергөө иши аяктап, соттук кароого жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: