Трампты Израилде өлкө жетекчилери жубайлары менен бирге тосуп алышты (видео)
АКШнын президенти Дональд Трамптын учагы Бен-Гурион аэропортуна конду.
Аэропортто АКШнын президентин жана анын делегациясын Израилдин президенти Ицхак Герцог жана анын жубайы Михал, премьер-министр Беньямин Нетаньяху жана анын жубайы Сара тосуп алышты.
Чет элдик басылмалар жазгандай, аба майдандан Трамп Иерусалимге барат. Ал Кнессеттин (парламент) пленардык сессиясында сөз сүйлөмөкчү. Сессияда Трамптан тышкары премьер-министр Нетаньяху, Кнессеттин спикери Амир Охан жана оппозиция лидери Яир Лапиддин сөз сүйлөшү күтүлүүдө.
Кнессеттеги сөзүнүн алдында Трамп Нетаньяху менен жолугушуу өткөрөт. Андан соң эки лидер менен премьер-министрдин жубайы Саранын барымтадагылардын үй-бүлөлөрү менен биргелешкен жолугушуусу болот.
Трампты Израилде жогорку даражалуу аткаминерлер жубайлары менен бирге тосуп алышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-10-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.