№12 шайлоо округу боюнча кимдер талапкерлигин коюшту? (тизме)
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жөнүндө ниетин билдирген жарандардын арыздарын кабыл алууда.
Мекеменин маалыматына ылайык, №12 шайлоо округу боюнча шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 7ге жетти. Алар:
Каримова Гулсара Оморбековна, 05.10.1983-жылы туулган, айылдык кеңештин депутаты
Масабиров Талайбек Айтмаматович, 26.07.1966-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
Карабекова Кызжибек Советовна, 25.10.1972-жылы туулган, Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкери
Абдыкаров Тойгонбай Жоробаевич, 29.03.1973-жылы туулган, убактылуу иштебейт
Чолпонбай уулу Бекмырза, 17.07.2000-жылы туулган, Башкы прокуратуранын адиси
Эрматов Нурдин Манапович, 23.12.1968-жылы туулган, Жалал-Абад облусундагы облустар аралык реабилитация борборунун директору
Тиллебаев Темирбек Кыргызбаевич, 15.05.1966-жылы туулган, убактылуу иштебейт (тизме жаңыланып турат)
№12 шайлоо округу Сузак району. Шайлоочулардын саны 154 миң 398. Шайлоо округуна Сузак районунун Кыз-Көл, Көк-Арт, Атабеков, Кызыл-Туу, Сузак жана Кара-Дарыя айыл аймактары, Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагы, Базар-Коргон шаарынын 13 участкасы - №2131, 2132, 2133, 2134, 2135, 2136, 2375, 2377, №14, 22, №222 шайлоо участкалары кирген.
Эске салсак, парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.

