Казакстандын ИИМи Бишимбаев жазасын кандай өтөп жатканы тууралуу маалымат берди
Казакстандын Ички иштер министрлиги мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаев жазасын кандай өтөп жатканы тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.
ИИМдин төрагасынын орун басары, жазаларды аткаруу комитетинин жетекчиси Абай Кайырбековдун айтымында, Бишимбаев башка бардык соттолгондор сыяктуу эле шарттарда жазасын өтөп жатат.
"Ал жазасын кылмыш-жаза аткаруу мыйзамдарынын бардык талаптарына ылайык, башка соттолгондор менен бирдей шартта өтөп жатат. Ага эч кандай өзгөчө шарт же жеңилдик берилген эмес", - деди Кайырбеков.
Ал ошондой эле Бишимбаевдин ишке орношуусу жана эмгек акысы тууралуу маалымат жеке маалыматтар категориясына кирерин, ошондуктан мындай маалымат жакын туугандарына жана адвокаттарына гана берилерин белгилеген.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 13-майында Астанада Салтанат Нукенованын өлүмү боюнча сот аяктап, Куандык Бишимбаев аялын кыйнап өлтүргөнү үчүн 24 жылга эркинен ажыратылган.
