Египет Нетаньяхунун Газадагы саммитке катыша турганын тастыктады
Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяху Египет лидери Абдель Фаттах ас-Сисинин чакыруусун кабыл алып, бүгүн Шарм-эш-Шейх шаарында өтө турган Дональд Трамптын Газадагы тынчтык планы боюнча эл аралык саммитке катышуу чечимин телефон аркылуу сүйлөшүүдө кабыл алды. Бул тууралуу Египет президентинин администрациясы билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
11-октябрда Египеттин президенти Газадагы согушту токтотуу боюнча Шарм-эш-Шейх шаарында 13-октябрда саммит өтө турганын жарыялаган. Саммиттин төрагалыгын Египет лидери Абдель Фаттах ас-Сиси менен АКШ президенти Дональд Трамп бирге алып барат. Саммитке Палестина, Түркия жана Катар лидерлери да катышарын ырасташкан.
Газадагы ок атышууларды токтотуу 10-октябрда АКШ президенти Дональд Трамптын тынчтык планынын алкагында күчүнө кирди. 13-октябрда ХАМАС Израилге 20 туткунду өткөрүп берди. Ал эми Израил өмүр бою эркинен ажыратылган 250 палестиналыкты жана 2023-жылдын октябрь айында согуш башталгандан кийин кармалган Газанын 1,7 миңден ашуун тургунун бошотуусу зарыл.
