super.kg logo

Бишкекте мээнин кан тамыр патологиясы бар балдарга татаал операциялар жасалды

 

Улуттук госпиталдын базасында мээнин оор кан тамыр ооруларына, башкача айтканда, аневризма жана артериовеноздук мальформацияга (АВМ) чалдыккан балдарга жогорку технологиялуу эндоваскулярдык операциялар ийгиликтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, операция Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун жана Улуттук госпиталдын нейрохирургдарынын биргелешкен тобу тарабынан аткарылды.

"Операциялар заманбап ангиографиялык операциялык бөлмөдө, интраоперациялык визуалдаштыруунун эң жаңы ыкмалары колдонулган шартта өттү. Мультидисциплинардык командага эндоваскулярдык нейрохирургдар, анестезиолог-реаниматологдор, рентген-лаборанттар жана жандандыруу бөлүмүнүн дарыгерлери кирди. Мындай ыкма жогорку деңгээлдеги коопсуздукту, так диагностика жана дарылоонун натыйжалуулугун камсыз кылды", - деп белгиленди маалыматта.

Кошумчалангандай, ага чейин кан тамырлардын анатомиялык өзгөчөлүктөрүн, патологиялык түзүлүштөрдүн көлөмүн жана жайгашкан жерин аныктоо максатында деталдаштырылган ангиографиялык диагностика жүргүзүлдү. Адистер коллегиалдык талкуулоодон кийин ар бир бейтап үчүн оптималдуу дарылоо тактикасын тандашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: