super.kg logo
  Саясат  

Жапаров Германиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда Германиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Моника Ленхардды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы элчинин ишеним грамоталарын кабыл алып, аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

«Биздин мамлекеттерди достук мамилелер байланыштырат. Биз мамлекеттер аралык мамилелерибизди жогору баалайбыз жана аларды бардык өз ара кызыкчылыкты туудурган чөйрөлөрдө кеңейтүүгө кызыкдарбыз», - деди Садыр Жапаров.

Ал Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен тыгыз саясий диалогго өзгөчө көңүл буруп, 2023-жылы Бишкекте жана 2024-жылы Берлинде болгон жемиштүү жолугушууларды эске салды. Садыр Жапаров ошондой эле Франк-Вальтер Штайнмайерге салам жолдоп, эң жакшы каалоолорун айтты.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары өлкөлөр ортосундагы соода кызматташтыгы активдүү өнүгүп жатканын белгилеп, Кыргызстандын экологиялык таза айыл чарба өндүрүмү жаатында германиялык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде элчи Моника Ленхард мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу алакаларды мындан ары да чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даярдыгын баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: