Лавров Башар Асадга кол салуу тууралуу маалыматка жооп берди
Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвада мурдагы Сирия президенти Башар Асадга кол салуу аракеттери тууралуу маалыматка жооп берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, Лавров араб өлкөлөрүнүн журналисттери менен жолугушууда Башар Асадга жана анын үй-бүлөсүнө Орусияда "гуманитардык себептерден улам" башпаанек бергенин билдирди.
"Ага биздин борбордо жашоодо эч кандай кыйынчылык жок. Кол салуу болгон эмес. Мындай ушактарды таркаткандардын жоопкерчилигине калтырам", - деди Лавров.
Эске салсак, буга чейин Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөө кызматы (SOHR) Асад ооруканада жатканда ууланып калганын кабарлаган. Башар Асад 2024-жылдын декабрында Сириядагы жаңжалдын катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдөн кийин президенттик кызматтан кетип, өлкөдөн чыккан.
