№16 шайлоо округу боюнча шайлоого аттанган талапкерлер
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жөнүндө ниетин билдирген жарандардын арыздарын кабыл алууда.
БШКнын маалыматына таянсак, бүгүнкү күнгө карата №10 шайлоо округу боюнча шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 5ке жетти. Алар:
Капалов Адылбек Эшимбекович, 06.06.1974-жылы туулган, «Модуль Строй» ЖЧКсынын башкы директору
Жакышов Русланбек Шергазиевич, 19.03.1974-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
Кенжетаев Куралбек Кавланбекович, 17.08.1988-жылы туулган, жеке ишкер
Кайрылбекова Медина Кайрылбековна, 22.09.1984-жылы туулган, жеке ишкер
Расул кызы Миргүл, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты
№16 шайлоо округу – Талас шаары. Шайлоочулардын саны 133 миң 880. Шайлоо округуна Айтматов, Манас, Бакай-Ата райондору жана Талас шаары кирген.
Эске салсак, парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.

