Мексикадагы селден улам 42 адам каза болду
Мексикада күчтүү жаан-чачындан улам сел болуп, 42 адам каза болуп, 27 адам дайынсыз деп кабарланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, куткаруу иштерин жүргүзүүдө, дайынсыз жарандарды табуу аракеттери активдүү уланууда. Ал эми Мексика президенти Клаудиа Шейнбаум селден эң көп жабыркаган 5 штаттын губернаторлору менен онлайн жолугушуу өткөрдү. Анын айтымында, жабыркагандарга бардык жардамдар көрсөтүлөт, жана өкмөттүк топтор жолдорду тазалоо жана элге жардам берүү үчүн аймактарга жөнөтүлгөн.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, бул акыркы жылдардагы эң чоң сел кырсыгы болуп, беш штатта миңдеген адамдар электр энергиясыз калган. Тоо этектериндеги дарыялардын ашышы селдин масштабынын өсүшүнө коркунуч жаратууда.
