№17 шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси
Парламенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоого №17 шайлоо округу боюнча жети талапкер катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу БШКнын маалыматында көрсөтүлөт.
№17 шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси:
Манамкулов Дастан Майрамбекович, 22.05.1992-жылы туулган, "Айыл Банк" ААКсынын насыяларды тескөө бөлүмүнүн аймактык менеджери

Чолдоев Жалил Калыйжанович, 11.07.1967-жылы туулган, коомдук ишмер

Эсенаманова Чолпон Замирбековна, 17.08.1980-жылы туулган, "Ул-ай тести" ЖЧКсынын директору

Жумабаев Жылдызбек Кенешбекович, 29.06.1977-жылы туулган, "Бекеш Эмерек" ЖЧКсында иштейт

Сабырбекова Ырыс Сабырбековна, 04.11.1977-жылы, Жогорку Кеңештин аппарат кызматкери

Чойбеков Бактыбек Каныбекович, 15.09.1977-жылы, Жогорку Кеңештин депутаты

Узакбаев Улукбек Камчибекович, 28.08.1987-жылы туулган, "Смарт Лекс" юридикалык компаниясынын аткаруучу директору, юстициянын подполковниги

Эскерте кетсек, бул тизме жаңыланып турат.
№17 шайлоо округу - Кара-Балта шаары. Шайлоочулардын саны 149 миң 72. Шайлоо округуна Талас облусундагы Талас району, Чүйдүн Панфилов району толугу менен жана Жайыл районунун Жайыл, Сары-Коо, Суусамыр, Талды-Булак айыл аймактары, ошондой эле Чүйдүн Кара-Балта шаары кирген.
Эске салсак, парламенттик шайлоо ушул жылдын 30-ноябрында өтөт.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















