Таластагы Манас району дизайн-код боюнча иретке келтирилүүдө




Шаар куруу жана архитектура департаментинин Манас райондук башкармалыгы тарабынан дизайн-коддун талаптарына ылайык иретке келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, дизайн-код райондук башкармалык тарабынан бекитилип, учурда бир катар объект, имарат жана курулуштардын фасаддарынын сырткы көрүнүшү оңдолуп, аталыштары белгиленген тартипте жазылууда.
"Дизайн-код - бул райондун архитектурасын, көчө-жолдорун, коомдук жана турак жай имараттарын бирдиктүү стилистикалык багытта өнүктүрүүнү камсыздаган документ. Анын негизги максаты аймактын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана жарандар үчүн сапаттуу жашоо чөйрөсүн түзүү болуп саналат", - деп кошумчаланган маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.