super.kg logo
  Саясат  

Президент Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысын кабыл алды

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфлону ишеним грамоталарын тапшыруусуна байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана аны өнүктүрүү келечеги талкууланды.

Садыр Жапаров Кыргызстандын Европа Биримдиги менен өз ара аракеттенүүсүн мындан ары да чыңдоого даярдыгын ырастады.

Өз кезегинде Реми Дюфло Европа Биримдигинин Кыргызстан менен байланышты чыңдоого умтуларын баса белгилеп, зарыл болгон аракеттешүүнү көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфлого жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: