"Үчүнчү дүйнөлүк согуш болбойт". Трамп Газадагы жаңжалды токтотуу келишимне кол койду (видео)
АКШнын президенти Дональд Трамп Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарында өткөн эл аралык саммитте Газа тилкесиндеги куралдуу жаңжалды токтотуу боюнча келишимге кол койду. Бул окуяны ал "маанилүү тарыхый кадам" катары баалагандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.
Келишимге Израил, Палестина жана бир катар араб өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышкан. Саммит БУУнун жана бир нече аймактык дипломатиялык күчтөрдүн ортомчулугу менен уюштурулган.
"Бул чындап эле абдан маанилүү кол коюу. Биз тынчтыкты каалайбыз. Газадагы кан төгүүнү токтотуу үчүн ушул кадам өтө зарыл болчу", - деди Трамп.
Трамп өз сөзүндө үчүнчү дүйнөлүк согуш болбой тургандыгын кошумчалады
Расмий документте төмөнкү негизги пункттар камтылган:
- Газа тилкесинде ок атышууну толук токтотуу;
- Израиль жана Палестина тараптарынын куралдуу күчтөрүн белгиленген чек аралардан алып чыгуу;
- Гуманитардык коридорлорду ачуу жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү;
- Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү БУУнун көзөмөлүндө улантуу.
Келишимдин мазмуну толук ачык айтыла элек, бирок ал тынчтык жараянынын жаңы барагы катары сыпатталууда.
Трамп Газа тилкесиндеги жаңжалды токтотуу келишимне кол койду
