Эрдоган италиялык премьер-министрди ыңгайсыз абалга кептеди (видео)
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарында өтүп жаткан Газа маселесине арналган эл аралык тынчтык саммитинде Италиянын премьер-министри Жорджа Мелониге тамаша иретинде кеңешин айтты.
Видеодо Эрдоган котормочу аркылуу Мелониге: "Сиз жагымдуу көрүнүп турасыз, бирок сиз тамеки чегүүнү ташташыңыз керек" деп кайрылганын көрүүгө болот. Бул учурду TRT World телеканалынын кабарчысы Эндрю Хопкинс жарыялаган.
Мелони бул сөзгө жылмая "Билем, билем" деп англис тилинде жооп кайтарды. Жанында турган Улуу Британиянын жана Франциянын лидерлери да тамашага кошулуп, Эмманюэль Макрон күлүп "Бул мүмкүн эмес" деп коштоду.
Бул жагдай саммиттин расмий бөлүгүнөн тышкары, лидерлердин бири-бири менен эркин баарлашуусу учурунда болгон. Саммитке көптөгөн дүйнөлүк лидерлер катышып, Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну азайтуу жолдорун талкуулашууда.
Эрдоган италиялык премьер-министрине тамекини таштоону сунуштады

