Парламенттик шайлоого талапкерлердин саны 220дан ашты (тизме)
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 229га жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-октябрда 31 талапкер шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз тапшырган. Алардын тизмеси:
- Нариманов Тургунбек Нариманович №15 (Кербен шаары) - Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаты
- Абитов Женишбек Эсеналиевич №9 (Өзгөн шаары) - ИИМ ардагери, пенсионер
- Асылбеков Куттубек Бообекович №19 (Сокулук району) - пенсионер
- Султанбекова Чолпон Аалыевна №2 (Кадамжай шаары) - Жогорку Кеңештин депутаты
- Дүйшенбиев Райимберди Сейдакматович №14 (Токтогул шаары) - Куралдуу күчтөрүнүн генералы
- Мураталиев Марат Молдонович №16 (Талас шаары) - Жогорку Кеңештин депутаты
- Темирбаев Максат Нурланбекович №11 (Манас шаары) - “Мах Компани” ААКсынын директору
- Эрматов Арстанбек Тогузбаевич №8 (Гүлчө айылы) - Кыргыз Республикасынын адвокатурасында эмгектенет
- Исмаилов Муратбек Кубанычбекович №28 (Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылы) - “ФСДС” КФнун директору
- Мамытканова Тамара Акимжановна №14 (Токтогул шаары) - Спорттук-техникалык коргоо уюмунун башчысы
- Кадыров Кубанычбек Бекбосунович №27 (Чолпон-Ата шаары) - убактылуу иштебейт
- Кенжеева Эльмира Жусупбековна №19 ( Сокулук району) - Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебин башкы мугалими
- Бообеков Бахтияр Таласович №17 (Кара-Балта шаары) - Социалдык фонддун аппарат жетекчиси
- Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич №27 (Чолпон-Ата шаары) - Жогорку Кеңештин депутаты
- Самыйкожо Мирлан №30 (Нарын шаары) - Жогорку Кеңештин депутаты
- Нурбаев Жалолидин Паязидинович №5 (Араван району) - Жогорку Кеңештин депутаты
- Сыйдалиева Мээрим Төрөбековна №16 (Талас шаары) - убактылуу иштебейт
- Мавлянова Махабат Эргешовна №3 (Кызыл-Кыя шаары) - “Севен вандерс Кей Джи” негиздөөчүсү
- Шарапов Турсунбай Рахматиллаевич №8 (Гүлчө айылы) - Убактылуу иштебейт
- Туманбаева Рада Мураталыевна №15 (Кербен шаары) - убактылуу иштебейт
- Кыштообаев Кайрат Дарканбаевич №23 (Бишкек шаары) - убактылуу иштебейт
- Алиев Медербек Кубанычевич №19 (Сокулук району) - Жогорку Кеңештин депутаты
- Толтоев Эрнис Мукашевич №9 (Өзгөн шаары) - убактылуу иштебейт
- Сатывалдыева Гулнура Ганыбаевна №6 (Ош шаары) - Жеке ишкер
- Рысбаев Равшанбек Рысбаевич №3 (Кызыл-Кыя шаары) - Жогорку Кеңештин депутаты
- Бакир уулу Турсунбай №7 (Кара-Суу шаары) - “Эркин Кыргызстан” СП саясий кеңешинин төрагасы
- Омошев Эрмекбай Алянович №12 (Сузак району) - Манас районунун акими
- Коңгайтиева Турдубубу Шайдылдаевна №16 (Талас шаары) - Экономика министирлигинин башкы адиси
- Машрапова Гүлай №7 (Кара-суу шаары) - пенсионер
- Абдибаит уулу Айдарбек №4 (Ноокат шаары) - жеке ишкер
- Аким кызы Күмүшай №12 (Сузак району) - жарандык активист
Белгилей кетсек, парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:00
2025-10-14
Рейтинг:
0

