Жогорку Кеңешке шайлоо: №18 шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси
Парламенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоого №18 шайлоо округу боюнча беш талапкер катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу БШКнын маалыматында көрсөтүлөт.
№18 шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси:
Аширбаев Элкинбек Токтогонович, 28.10.1964-жылы туулган, убактылуу иштебейт
Бийбосунов Эркин Куватбекович, 16.12.1992-жылы туулган, жергиликтүү кеңештин депутаты
Сатиева Гүлжан Эркинбековна, 16.04.1981-жылы туулган, жеке ишкер
Лурова Лейла Хияновна, 28.10.1968-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
Өскөмбаев Азат Кубанычбекович, 27.02.1982-жылы туулган, Башкы прокуратурадагы башкармалыктын жетекчиси
№18 шайлоо округу - Беловодское айылы. Шайлоочулардын саны 139 миң 755. Шайлоо округуна Жайыл районунун Ак-Башат жана Ынтымак айыл аймактары, Москва району, Сокулук районунун Сары-Өзөн, Кайназаров жана Сокулук айыл аймактары кошулган.
Эске салсак, парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.

