super.kg logo

Таластагы маданият бөлүмүнө жаңы жетекчи дайындалды

 
Талас облусундагы Айтматов районунун Маданият бөлүмүнүн башчысы болуп Мусулманкул Төлөбаев дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Төлөбаев 1962-жылдын 1-апрелинде Айтматов районуна караштуу Маданият айылында туулган. 1984-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун маданий агартуу иши адистиги боюнча аяктаган.
Мамлекеттик жарандык кызматтын I классынын кеңешчиси, аскердик наамы — ага лейтенант.
Эмгек жолу
1984–1992-жылдары — Райондук маданият бөлүмүндө жооптуу кызматкер;
1992–1997-жылдары — Райондук маданият үйүнүн директору;
1997–2004-жылдары — Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө социалдык коргоо кызматкери, жооптуу катчы;
2004–2007-жылдары — «Жайнак» дыйкан чарбасынын мүчөсү;
2007–2011-жылдары — Райондук маданият бөлүмүнүн башкы адиси;
2011-жылдан бүгүнкү күнгө чейин — Бакай-Ата районунун Маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: