Египетте Газа боюнча декларацияга кол коюлду. Саммит кандай өттү?
АКШ, Египет, Катар жана Түркиянын лидерлери Шарм-эш-Шейх шаарындагы саммитте Газа секторунда ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшту. Бул келишим ортомчулардын катышуусу менен ишке ашты жана буга чейин Дональд Трамп сунуштаган 20 пункттан турган тынчтык планынын негизинде түзүлдү.
"Биз мүмкүн эмес деп эсептелген нерсеге жетише алдык. Акыры Жакынкы Чыгышка тынчтык келди", — деп билдирди Трамп саммитке чогулган жыйырмадан ашык дүйнө лидерлеринин алдында.
Бул иш-чара Жакынкы Чыгыштагы согушту токтотуудагы эң маанилүү күндү жыйынтыктады. Израилдин эки жылдан ашык туткунда болгон бардык тирүү жарандары бошотулуп, ал эми Палестина аймагына алмашуу негизинде дээрлик эки миң камактагы палестиналык бошотулуп келди.
Израилден Египеттеги Шарм-эш-Шейх шаарына келген Трампка саммит залында жашыл папка тапшырылган. Анын ичинде кандай документтер бар экени азырынча ачык айтылган жок.
"Сиз ишенесизби, үч миң жыл убакыт кетти буга жетүү үчүн? Эми бул тынчтык сакталып калат", — деди Трамп.
Саммитке катышкан CNN басылмасы кол коюлган декларациянын акыркы бетин сүрөткө тартып алган. Бирок ал барактан документтин толук мазмуну тууралуу так тыянак чыгарууга болбойт.
"Биз ар бир адам үчүн сабырдуулукка, ар-намыска жана тең мүмкүнчүлүктөргө умтулабыз. Бул аймак ар ким өз үмүттөрүн тынчтыкта, коопсуздукта жана расасына, дин ишенимине же этникалык тегине карабастан гүлдөп өнүгүү шартында ишке ашыра ала турган жерге айлансын", - деп жазды CNN басылмасы.
Барактын калган бөлүгүндө келишимге кол койгон аймактык лидерлердин жана ортомчулардын, тагыраагы, АКШ, Египет, Катар жана Түркиянын лидерлеринин колтамгалары жана расмий наамдары жайгашкан.
Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси Газа боюнча жетишилген келишимди "адамзат тарыхындагы оор баракты жапкан жана тынчтык менен туруктуулуктун жаңы доорун ачкан" окуя катары мүнөздөдү.
Египет лидери бул келишимге кол коюу "дүйнө үчүн тарыхый күн" экенин белгиледи. Саммиттин жыйынтыгында өткөн маалымат жыйынында ал палестиналыктардын "эркиндикке ээ болууга жана өзүнүн көз карандысыз мамлекетинде жашоого укугу бар" экенин, ал мамлекет "Израил менен коңшу, тынчтыкта, коопсуздукта жана өз ара түшүнүшүүдө жашоого тийиш" экенин айтты.
Муну менен катар, саммитке ХАМАС жана Израил катышкан жок. Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну Египетке чакырган, бирок ал Симхат Тора диний майрамынын башталышын себеп кылып, катышуудан баш тарткан. Египет лидери Абдель Фаттах ас-Сиси да Нетаньяхуну чакырганын, Газадагы тынчтык планы боюнча эл аралык саммитке катышуу чечимин телефон аркылуу сүйлөшүүдө кабыл алганын билдирген.
Reuters жана AFP агенттиктери болсо, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган саммитке израилдик өкүлдөрдүн келишине каршы болгонун жазышкан.
Айрым түрк басылмаларынын маалыматына караганда, Эрдоган Нетаньяхунун келиши ыктымал экенин уккан соң Шарм-эль-Шейхке конуудан мурда Кызыл деңиздин үстүнөн кошумча бир айлампа жасап, конууну кечиктирүүнү буйруган. Бул Израил премьери саммитке келбейт деген кепилдик берилмейинче уланганы айтылат.
Расмий түрдө Түркия бул маалыматты тактай элек. Бирок басылмалар Египетке келген башка мамлекеттердин айрым лидерлери да ушуга окшош нааразычылык билдиргенин кабарлашкан.
CNN маалыматына ылайык, саммитке АКШ жана Египет президенттеринен тышкары Армения, Азербайжан, Бахрейн, Канада, Кипр, Европа Биримдиги, Франция, Германия, Греция, Венгрия, Индия, Индонезия, Ирак, Италия, Япония, Иордания, Кувейт, Нидерланддар, Норвегия, Оман, Пакистан, Палестина автономиясы, Парагвай, Катар, Сауд Арабиясы, Испания, Түркия, БАЭ жана Улуу Британиянын лидерлери катышкан.
Мындан тышкары Шарм-эль-Шейхте Араб лигасынын баш катчысы Ахмед Абу Гейт, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш, FIFA президенти Жанни Инфантино жана Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр да болгон.
Ал эми АКШ президенти болуп жаткан окуялардын тарыхый маанисин жана кайталангыс мүнөзүн белгилөөгө мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган жок. Ал Израилден Шарм-эль-Шейхке келгенге чейин Кнессетте сөз сүйлөп, Жакынкы Чыгышта жаңы тынч доор башталганын, Израил эки жылга созулган согушта мүмкүн болгон эң жогорку жыйынтыкка жетишкенин, эми болсо израилдиктер да, палестиналыктар да өз максаттарына тынчтык жолу менен жетүүгө тийиш экенин айткан.
Бирок азырынча Газа секторундагы турмушту калыбына келтирүү кандайча ишке ашары боюнча так маалыматтар жок. Ал жакта эки жылдык согушта чоң кыйроолор жана адам өлүмү болгон.
Египеттин президенти жакын арада Газанын тынчтык жолу менен калыбына келтирилиши боюнча эл аралык конференция чакырыларын жарыялады.
"Алдагы күндөрү Египет АКШ менен биргеликте жана өнөктөштөр менен координацияда Газа секторун калыбына келтирүүнүн негизин түптөө үчүн иш алып барат", - деди Египет лидери.
Бирок бул аймакты чындыгында ким башкарат, ХАМАСтын башкаруу укугунан четтетилиши кандайча ишке ашат, Израил армиясы кайсы чекке чейин артка чегине турганы азырынча белгисиз.
