super.kg logo

Ак-Ордо-3 конушундагы кандуу окуя: Шектүү качып кеткен учурда жок кылынды

 

Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран качып кеткен учурда жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 14-октябрда Чүй облусунун Кемин районунда кылмышты жасоо шарттарын жана жагдайын кайра кайталап көрсөтүп берүү процессин жүргүзүү учурунда, шектүү качып кеткен. Милиция кызматкерлери шектүүнү кармоо учурунда, "Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамынын 45, 46-беренелерине ылайык, кызматтык куралды колдонушкан. Натыйжада, И.С. алган жаракатынан каза болгон.

Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө, териштирүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, 3-октябрга караган түнү аталган аймакта үрөй учурган окуя катталып, эки бир тууганды бычактап кетендиги боюнча маалымат тараган. Анда бир эркек киши жана анын эжеси каза болгондугу маалымдалган. Каргашалуу окуя болгон жерден каза болгон кишинин аялы балдары менен качып кетүүгө үлгүргөн.

ИИМ шектүүнүн сүрөтүн чыгарып, ал тууралуу маалымат бергендерге сый акы убадалаган. Кийинчерээк социалдык тармактарда кармалган шектүүнүн сүрөттөрү тараган. Бирок интернет колдонуучулары ИИМ издөөгө алган киши менен кармалган жигиттин окшош эместигин айтып чыгышкан.

Окуядан кийин мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ак-Ордо-3 конушунда эки адамдын өлтүрүүгө шектелген адамдын кантип кармалганын айтып, окуя боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековго байланышканын жазган.

Президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда айтылган пикирлерди төгүндөгөн билдирүү жасаган. Көп өтпөй министрлик билдирүү жасап, анын кармалган учурундагы тасмаларды жарыялап, анын көрсөтмө бергенин билдирди.

Окуя боюнча өлкө башчы Садыр Жапаров да билдирүү жасаган.

9-октябрда шектүү жаран эки айга камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: