Трамп Зеленский менен ушул аптада жолуга турганын билдирди
АКШнын президенти Дональд Трамп 17-октябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Ак үйдө жолугушуу пландары бар экенин ырастады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
13-октябрда Bloomberg агенттиги Зеленский 17-октябрда Трамп менен жолугушууну көздөп жатканы тууралуу кабарлаган. Жолугушуунун жүрүшүндө Украинанын абадан коргонуу системасын күчөтүү, Tomahawk ракеталарын жеткирүү мүмкүнчүлүгү жана башка маселелер талкууланары айтылган.
Ошондой эле лидерлер өткөн жумада телефон сүйлөшүүсүндө козголгон бир катар маселелерди дагы бир жолу карап чыгышмакчы. Айрыкча Украинанын энергетикалык инфраструктурасына жасалган соккулар жана айрым жашыруун мүнөздөгү маселелер тууралуу сөз болот деп күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.