Орусия: Харьков жана Донецк аймактарындагы эки айыл көзөмөлгө алынды
Орусиянын Коргоо министрлиги Харьков жана Донецк облустарында эки айылды өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Бул тууралуу министрликтин Украинадагы аскердик аракеттер боюнча билдирүүсүндө айтылат.
Маалыматка караганда, орус күчтөрү фронттун бардык багыттарында алдыга жылууда.
"Батыш аскердик тобунун бөлүктөрү Харьков облусундагы Боровская Андреевка айылын, ал эми борбордук аскердик топ Донецк элдик республикасынын Москвоское айылын көзөмөлгө алды. Ошондой эле алар Дмитров айылынын чыгыш бөлүгүнө кирип, андан ары жылып жатышат", - деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик өткөн жумада да Харьков, Запорожье жана Донецк аймактарындагы беш айылдын алынганын маалымдаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.