Пакистан Трампты экинчи жолу Нобель сыйлыгына көрсөттү
Пакистан өкмөтү АКШнын президенти Дональд Трампты дагы бир жолу Нобелдин тынчтык сыйлыгына сунуштаганын премьер-министр Шахбаз Шариф Израил-ХАМАС согушунун аякташына арналган Шарм-эш-Шейхдеги саммитте билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Мен бул улуу президентти кайрадан Нобель сыйлыгына көрсөткүм келет. Ал эң татыктуу талапкер. Урматтуу президент өрнөктүү жетекчилигиңиз үчүн сизге урмат-сыйымды билдирем", - деген ал.
Шариф Пакистан биринчи жолу Трампты Индия менен Пакистандын ортосундагы согушту токтотууга кошкон өзгөчө салымы үчүн көрсөткөнүн эске салган. Анын айтымында, эгер Трамп Индия менен Пакистандын ортосундагы чыр-чатакка кийлигишпегенде миллиондогон адамдар өлүшү мүмкүн болчу.
Эске салсак, быйыл сыйлык Венесуэланын оппозициялык саясатчысы Мария Корина Мачадого ыйгарылды.


1 |